Бишкекте Кыргызстан-Словения кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 10-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словения Республикасынын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Таня Файон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Анда кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө тараптар Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

"Биринчи кезекте жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленди.

Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Кулубаев биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, «жашыл экономикага» өтүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде гидроэнергетика, ошондой эле туризм жана кайра иштетүү өнөр жайын белгиледи. Маданий-гуманитардык чөйрөдө студенттердин өз ара алмашуу программаларын кеңейтүүгө басым жасалды", - деп жазылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Словениянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Иш сапардын алкагында Файонду президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алат. Ошондой эле экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан