Түркияга дарыгерлер менен бирге дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөтүлөт

Түркияга зилзаладан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүү үчүн нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр боюнча хирург жана жалпы профиль боюнча хирург барат. Дарыгерлер Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталында медициналык жардам көрсөтүшөт.
Ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которору айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан