Биз социалдык тармакта

"Камдалып даяр турат". Коргоо министрлиги Түркияга 600 адамга ылайыкталган чатырларды жөнөтөт (сүрөт)

Коргоо министрлиги Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам катары аскердик чатырларды жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
"600 адамга ылайык келген чатырлар Коргоо министрлигинин Оорук базасында камдалып даяр турат. Алар 20, 30 жана 40 адамга, жылдын төрт мезгилине ылайыкташтырылган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын которушары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан