Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын бир жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 11-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Хатай шаарында эмгектенип келген. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.
Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү жеринде болуп, документтерди даярдоого жана маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүдө.