Түркиядагы жер титирөө: Кулаган имараттардагы кемчиликтерден улам 8 киши кармалды

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган имараттардагы мүчүлүштүктөр үчүн 8 киши, анын ичинде курулушчулар кармалды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кармалгандарга кемчиликтери бар имараттарды куруу, ошондой эле мамычаларды кесүү боюнча айыптар тагылган.

Шанлыурфа облусунун Башкы прокуратурасы жер титирөөдөн кыйраган имараттарда табылган кемчиликтерди иликтөөнү улантууда. Бул иш боюнча учурда 8 адам камакка алынды.

Бул иштин алкагында суракка алуу жана камоо боюнча иштер уланууда.

Буга чейин Стамбул аэропортунда полиция Хатай провинциясында жер титирөөдө толугу менен кыйраган турак жай комплексинин башкы архитектору Мехмет Яшар Коскунду кармаган. Ал Черногорияга учууга аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан