Бүгүн, 12-февралда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада маркум журналист Улан Эгизбаевдин туулган күнүнө карата эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чараны Улан Эгизбаев атындагы коомдук жаштар бирикмеси уюштурган.
Анда ыр, монолог, көркөм окуулар орун алып, журналисттин эмгектери эскерилди. Улан Эгизбаевдин апасы, жубайы жана кесиптештери анын жасаган иштери тууралуу сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Андан соң “Ойлорум менин уйкашкан ырларда” аттуу поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Мында жаш калемгерлер Улан Эгизбаев тууралуу ырларды жаратышкан. Мындан тышкары, Эгизбаевди эскерүү кечесине утурлай “Чындык” форуму өтүп жатат. Анда 2022-жылдагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн сыйлык тапшырылат.