Түркияга Кыргызстандан дагы 80 куткаруучу кетти. Алар Газиантеп шаарына барат

Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 12-февралда куткаруучуларды узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
“Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.
Куткаруучуларды узатып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 80 куткаруучу, 3 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 78 боз үй жөнөтүлдү.
Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын башында жеткирилмекчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан