Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарына иш сапары менен барды. Анда ал Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитине (World Government summit) катышат. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Ага ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Жапаров “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммити 13-15-февраль күндөрү “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” урааны астында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессияны өткөрүү жарыяланган жана 300дөн ашуун баяндама окулат.
Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.
Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммити (БДӨС) – 2013-жылы түзүлгөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын саммиттери жыл сайын өткөрүлөт. Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитин түзүүдө анын уюштуруучулары бул иш-чараны Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун аналогу катары көрсөтүшкөн.