Түркиянын Газиантеп провинциясында урандылардын астында калган аял катуу жер титирөөдөн 163 сааттан кийин куткарылды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.
Ал 62 жаштагы Назифе Йылмаз аттуу аял экен белгилүү болду. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
Эскерте кетсек, 6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул өлкө тарыхындагы 1939-жылдан берки эң күчтүү зилзала болду.
Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны саны 29 605ке жетти. Ал эми жаракат алгандар 80 миңден ашты.