Эртең, 14-февралда Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5 … -10 , күндүз +2 … +7,
Талас жергесинде түнкүсүн -5 … -10, күндүз +1 … +6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 … -6, күндүз +3 … +8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 … -6, күндүз +2 … +7,
Нарын дубанында түнкүсүн -10 … -15, күндүз -4 … +1,
Бишкекте түнкүсүн -5 … -7, күндүз +5 … +7 градус болот.