Кыргызстанда бир жумада (6-февралдан 12-февралга чейин) COVID-19дун 12 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Маалым болгондой, алардын ичинен жети бейтап ооруканага жаткырылган.
2022-жылы жана 2023-жылдын 43 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 863 учуру катталды.