Салык декларациясын кимдер тапшырат? (Тизме)

Кыргызстанда жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы башталды. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Белгиленгендей, жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан тышкары, быйылкы жылы салык төлөөчүлөрдүн жаңы категориялары да тапшыруусу зарыл.

Тагыраагы, 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

"Салык мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын бардык жарандары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этап 2023-жылы башталды. Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырышат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан