Ушул жылдын 14нөн 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мындан улам алыс жолго аттанган айдоочуларга этият болуу сунушталат.
"Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгенгей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ал эми унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.