Түркия Республикасынын Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 12-февралда Кыргызстандан Газиантеп шаарына атайын учак менен жеткирилген 78 боз үй Кыргызстандын диаспора өкүлдөрүнөн жана студенттеринен, Түркияда жашаган этникалык кыргыздардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу тарабынан тигилүүдө.
Элчи Руслан Казакбаев Башкы консулдуктарынын кызматкерлери менен биргеликте кыргыз боз үйлөрүн орнотууга көмөк көрсөтүүдө.
Бүгүн, 13-февралда Түркияга дагы бир атайын учак менен кошумча куткаруучулар тобу, дары-дармектер жана боз үйлөр келет.