Будапештте Кыргызстан менен Венгриянын президенттери расмий жолукту

Бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында президент Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысынын кортежи атчан гусарлардын коштоосунда Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын президенти тосуп алды.

Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин аскердик оркестрдин аткаруусундагы "Ракоци маршынын" жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.

"Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү", - деп айтылат маалыматта.

Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан