"Атчан аскерлердин коштоосунда". Садыр Жапаровду Венгриянын президенти кантип тосуп алды? (фото)

Бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында өлкө башчы Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, атчан гусарлардын коштоосунда мамлекет башчысынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын президенти Каталин Новак тосуп алды.

Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин аскердик оркестрдин аткаруусундагы "Ракоци маршынын" жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.

Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү.

Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан