Кыргызстандан Түркияга дагы бир куткаруучу топ жөнөтүлдү

Кыргызстандык куткаруучулардын дагы бир тобу Түркияга жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баш болгон 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-февралда жөнөтүлдү.
Кечээ, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 80 куткаруучусу, үч дарыгер жана үч жумушчу жөнөтүлгөн.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-02-13 22:43:00
Түркияга көңүл айтабыз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан