Садыр Жапаров Венгриянын Улуттук жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушту (фото)

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-февралда Будапешт шаарында Венгриянын Улуттук жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, анын алкагында парламенттер аралык кызматташтыктын, ошондой эле эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Венгриянын Улуттук жыйынынын спикери Ласло Кёвер Венгрия парламентинин атынан мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун достук визити боордош элдердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жаңы, катуу шыктандыруучу күч берерин баса белгиледи.

Ласло Кёвер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттарда кызматташуунун сезилээрлик чоң жетишкендиктерин белгилеп, мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бир кыйла потенциал бар экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров өз кезегинде жылуу, достук мамилелерди түзүп, бардык деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарды сактап келе жаткан мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи. Ошол эле учурда Венгрия Кыргызстан үчүн боордош өлкө экенин баса белгиледи.

Президент Венгрия Европа Биримдигинин Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзгөн биринчи өлкө болгонун да жогору баалады.

Мамлекет башчысы өлкөлөр кызматташтык жылдар аралыгында чоң жана жемиштүү жолду басып өткөнүн белгиледи: Бишкекте жана Будапештте өлкөлөрдүн элчиликтери ийгиликтүү иштеп жатат, Стратегиялык кеңеш түзүлдү, Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү фонду ишке кирди, Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, Ишкерлер кеңешинин алкагында иш жүрүп жатат, кыргызстандык студенттер Венгриянын эң мыкты университеттеринде билим алышууда.

Ошону менен бирге эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн олуттуу потенциал бар экенин Жапаров ырастады.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Ласло Кёверди Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды жана Венгриянын парламентинин имаратында экскурсия жасап, көрүп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан