Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта каттам 11-февралдан тарта аткарыла баштаганы айтылат.
"Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы Сиань — Бишкек — Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачты", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учуулар жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.
"Манас" эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылды.