16-февралда Бишкектеги конуштардын биринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат

16-февралда Бишкек шаарындагы Жеңиш конушунда ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңиш конушунда саат 9:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Ичүүчү суу «Жеңиш» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан