Жакында эле Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынган 120 жаңы автобус ишке кирди (жүрүү схемасы)

Жакында эле Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан сатып алынган 120 жаңы автобус ишке кирди. Аталган мекеме автобустардын жүрүү схемасы менен тааныштырат.

Маалыматка ылайык, транспорт департаменти шаардын борборунда айланма каттамдарды жана оң экологиялык системаны түзүүнү эске алуу менен борбордук көчөлөрдү бошотуу үчүн кичи автобустук каттамдардын кыймыл чиймелер долбоорлорун даярдады.

Учурда эки айланма автобус каттамы иштеп жатат. "БЖАИ"муниципалдык ишканасына таандык муниципалдык (социалдык) каттам №48 жана №35. Эки каттамды "Аламүдүн" жана "Ош базарлары", Батыш жана Чыгыш автобекеттери сыяктуу жүргүнчүлөрдү түзүүчү негизги секторлор байланыштырып турат.

Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

№35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 чакырым, аралыгы 7 мүнөт күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичи автобусту алмаштырат.

№48 автобустук каттам (Батыш автобекети - Чыгыш автобекети (айланма) узундугу-18 чакырым, аралыгы - 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичи автобусту алмаштырат.

№38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 кичи району. – 110 квартал) узундугу 37.4 чакырым, аралыгы – 7 мүнөт, шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12 кичи району - Ала-Тоо жаңы конушу) узундугу-49,6 чакырым, аралыгы – 7 мүнөт шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.

№7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 кичи району - Достук дачасы) узундугу 40,7 чакырым, аралыгы 7 мүнөт, шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108).

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан: №31,49,50,19:

№31 автобус (Ынтымак жаңы конушу - айланма) узундугу 34 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичи автобустук каттамдагы 72 кичи автобусту алмаштыра алат.

№49 автобус (Арча-Бешик конушу – айланма) узундугу 24,2 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичи автобусту алмаштырат.

№50 автобус (Рухий-Мурас жаңы конушу - Жилгородок) узундугу 44 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичи автобусту алмаштырат.

№19 автобус (Ак-Ордо жаңы конушу – Кустанай көч.) узундугу 34 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. 51 кичи автобусту алмаштырат.

Жогоруда аталган 54 бирдик санындагы автобустар 162 кичи автобусту алмаштырат, бул шаардын экологиясына, атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан