Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Түркиядагы жер титирөөдө урандылардын астында калып, каза болгон кыргызстандык мекенине алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, маркумдун сөөгү Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Хатай шаарында урандылардын астында Кыргыз жараны Б.М. каза болгондугун жазып чыгышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркияда очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан