Жогорку Кеңештин төрагасы Беларустун элчиси Андрей Страчко менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салды.

“Бирок биздин байланыштарыбыз терең, узак жылдарды камтыйт. Андыктан калыптанган достук, өнөктөштүк алакаларды мындан ары да өнүктүрүү менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты да кеңейтүүбүз кажет”, – деди Шакиев.

Муну менен катар парламенттер аралык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага Жогорку Кеңеш Беларустун улуттук жыйынынын эки палатасы менен тең тыгыз иш алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Өз кезегинде Андрей Страчко да эки элди орток тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеп, Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда кыргыз жоокерлери Беларусь жергесин душмандардан бошотууга зор салым кошконун эске салды.

Андан тышкары, элчи кызматташтыкты тереңдетүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолуп, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу тууралуу сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан