Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгары күтүлүүдө.
Бишкектин чет жакасындагы №27 абактын алдында анын тарапташтары күтүп жатат.
Буга чейин Атамбаевге карата козголгон кылмыш иши Жогорку Сот тарабынан кыскартылганы маалым болгон.
Белгилей кетсек, Атамбаев Батукаев иши боюнча камакта отурат. Ал эми башка иштери боюнча бөгөт чарасы аныкталган эмес.