Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-февралда абактан чыгары айтылды. Мындай билдирүүнү саясатчы Рыскелди Момбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып, №27 абактын алдына Атамбаевди күтүп жатышкан сүрөтүн жарыялады.
Буга чейин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча чыгарылган өкүм Жогорку Соттун чечими менен жокко чыгарылганы маалымдалган.