Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда Атамбаевге "Башкы прокурор "Жапа чеккендер бизге кайрылса карап беребиз" деп айткан. Сиз акталам деп жатпайсызбы, акталсаңыз ушул боюнча арыз жазасызбы?" деген суроо берилди.
"Мени түрмөдөгүлөр эмне үчүн сыйлайт. Мен эч качан арыз жазган эмесмин, сурактардан жооп берген эмесмин. Мен арыз жазчу адам эмесмин. Мезгили келет, албетте, баары жооп берет. Бул дүйнөдө же аркы дүйнөдө жооп беришет. Бирок жөнөкөй карапайым адамдар үчүн кайгырасың", - деп жооп берди Атамбаев.