Түркиянын Кахраманмараш шаарына кыргыз куткаруучуларынын ишин жеринен координациялоо үчүн барган өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөдөн эң жакын 5 адамын жоготкон аялды жооткотуп, ага көңүл айтты.
Ал аял жер титирөөдөн үч баласын, жолдошун жана сиңдисин жоготкон. Кыргыз куткаруучулары иштеп жаткан маалда ал ыйлап карап турган. Аны көргөн министр Бообек Ажикеев кучактап жооткотуп, ага көңүл айтты.
Учурда Кахраманмараш шаарында кыргыз куткаруучулары 24 саат бою издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүдө.