Мелис Эшимкановду эскерүү кечесинде саясий ишмер тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүүдө

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте белгилүү журналист, саясий ишмер Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси өтүүдө. Иш-чарага Эшимканов менен журналистикада, саясатта чогуу болгон санаалаштары жана жогорку окуу жайлардын студенттери да чакырылган. Кече саясий ишмер тууралуу тартылган даректүү тасманын көрсөтүлүүсү менен башталды. Анда чыгаан журналисттин саясатта сүйлөгөн сөздөрү, элге жасаган кайрылуулары тууралуу чагылдырылган. Кошумчалай кетсек, бул кечеде Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты журналисти-2013” сынагынын жыйынтыгы чыгарылмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан