Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиядагы зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарларды.
Маалыматка ылайык, Бообек Ажикеев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен бирге жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн атайын штабдын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жолугуп, жүргүзүлүп жаткан издөө-куткаруу иштери менен таанышты.
Андан соң министр кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн 5 тилкеде эки нөөмөт менен иштеп жаткан өздүк курамдын абалын жана алардын ишин көрүп, ал жердеги жакындарын жоготкондорго көңүл айтты.
Ошондой эле ал Кыргызстандан түрк элине жардамга берилген боз үйлөр шаарчасына барып, ал жердеги вандык кыргыздар менен жолугушту.
Эске салсак, Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн. Андан соң 12-февралда 80 куткаруучусу менен бирге үч дарыгер жана үч жумушчу жөнөп кеткен. Ошондой эле үй-жайсыз калгандардын убактылуу баш калкалоосу үчүн 78 боз үй берилип, Кахраманмараш шаарында тигилген.