Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө кызматына жетекчи болуп Улан Бердибаев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.
Буга чейин Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген.