Бүгүн, 15-февралда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +6…+8 градус болот.