Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын ата-энеси шектүүлөргө карата өкүм чыгарып берүүнү суранат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-февралдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.
"Каза болгон кыздын ата-энеси миграцияда жүрөт экен. Алар мага кайрылып жатышат. Кылмышка шектелген жаранга карата ушул күнгө чейин сот тарабынан чечим чыга элек экен. Соттон сотко чуркаган атасы да ооруп жүрүптүр. 17-февраль күнү бул иш боюнча кезектеги сот отуруму болгону жатыптыр. Ата-энеси мыйзам чегинде карап, өкүмдү чыгарып берсе деп суранып жатышат", - деди Сарыбашов.
Эске салсак, былтыр сентябрь айында Баткендин Кадамжай районунун Ноогардан айылында 14 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлгөн. Аталган кылмышка шектелип 4 жаран кармалган. Алардын экөөсү камакка алынгандан кийин асынып алганы кабарланган. Калган шектүүлөргө карата соттун чечими чыга элек.