Маалымдалгандай, буга чейин Жээнбековдун саламаттыгы начарлап кеткени, анализдердин жыйынтыгында боор оорусу күчөгөнү маалымдалган.
Саясатчы абалына байланыштуу башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасаган.
Жээнбеков былтыркы жылдын октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.