Эртең, 16-февралда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча парламентте өкмөттүк күн өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүнкү, 15-февралдагы жыйын учурунда билдирди.
"Эртең саат 10дон баштап өкмөттүк күн өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен сүйлөштүм. Тийиштүү жана жооптуу адамдардын баары чакырылган. Алар толук келишет. Эртеңки негизги тема жазгы талаа жумуштары. Ага даярдык, айыл чарбага бериле турган арзан насыя, жол, турак жай жана башка маселелер боюнча маалымат беришет", - деди Шакиев.
Күн тартибинде жазгы талаа жумуштарынан тышкары бир топ мыйзам долбоорлору да карала турганы айтылды.