Эртең, 16-февралда Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында кар жаашы күтүлөт. Чүй жергесинде жана Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүзү жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз +2 … +7,
Талас облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз +1 … +6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2 … +3, күндүз +1 … +6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 … -6, күндүз +2 … +7,
Нарын облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз -2 … +3,
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз +5 … +7 градус болот.