Бишкектен Түркиядагы жабыркагандарга 7 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жүк 14-февралда түндөсү Pegasus Airlines авиакомпаниясы менен 2 тонна, "Түркавиалиниялары" авиакомпаниясы менен 5 тонна 850 килограмм жөнөтүлдү.

Анда кышкы чатыр, жууркан, газ жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар бар.

Эскерте кетсек, Бишкектеги гуманитардык жардам чогулткан пункт Жибек-Жолу 264 дарегиндеги борбордук мечитте жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан