Президент Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты боюнча айтып берди

2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштер иретке салынып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист Түркиядагы жер титирөөдөн кийин айрыкча Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына эл санааркап жатканын айтып, бул тармакта көзөмөл кандай болуп жатканын сурады.

"Эми бизде салынган көп кабаттуу үйлөргө токтоло турган болсок, биз дагы "Кудай өзүң сакта" деп жашагандан башка аргабыз жок. Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат", - деди президент.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы кабаттуу үйлөрдү куруу учурунда көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

"Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары “бир терезе” болот. Архитектураны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик. 2020-жылдан бери Бишкектин ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн 64 батирди мэрияга алдык. Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүп берип жатабыз. МИК аркылуу кезекте турган элге 20-25 жылга ипотекага беребиз. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын ичинде бүгүнкү күндө 74 көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынган экен. Жерлери трансформациядан өткөн эмес. Беш жылга ижарага деп алып алышып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберишкен. Азыр эл жашап жатат. Кызыл сызыкка салынган үйлөр да бар. Андан сырткары, келишим менен мэриядан жер алып жатканда квартиралардын 10 пайызын беребиз деп жерлерди алып алышып, бирок бир дагы батир бербегендер бар экен. Алардын баары азыр эми мыйзамдаштырып бергиле деп кайрылып жатышат. “Макул биз мыйзамдаштырып берели, бирок сапатын өз мойнуңарга аласыңар. Абийир соту силердин мойнуңарда” деп жатабыз. Сүрдүрүп салалы десек эл жашап жатат. Элде эмне күнөө? Убагында кызылдай акчага сатып алышкан да.

Кыскасы мурдагы мэрлер, Мамкурулуш, архитектура кызматкерлери аман эле болушсун. Өздөрү кошо коррупцияга кекиртегинен батып кетишкен экен.

Азыр эми биз алардын “кирин” тазалап жатабыз. Эми буга чейин салынып баштап бирок анча-мынча бүтпөй калган үйлөрдү гана, эгер кызыл сызыкка кирип кетпеген болсо, аягына чыгарганга уруксат беришибиз мүмкүн", - деди Жапаров.

Өлкө башчысы мындан ары башаламан курулуштар болбой турганын жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан