Чиедей 7 баласы бар. Боор циррозуна кабылган Элиза Эсенбекова операциясы үчүн жардам сурайт

7 баланын энеси Элиза Эсенбекова 2 жылдан бери боор циррозу менен жабыркап, тез арада операция жасатууга муктаж. Анын жакындары тиешелүү каражат топтолбой жаткандыктан коомчулуктан көмөк суроого мажбур болууда.

Элиза Эсенбекова 37 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылында жашайт. 7 баласы бар. Алардын чоңу 10-класста окуса, кенжеси 2 жарым жашта.

Жолдошу Алтынбек Апышовдун айтымында, жубайына Индиядан операция жасатууга 30 миң доллар керек.

"Өзүбүз айылда турабыз. 7 балабыз бар. Жубайым 2020-жылдан бери боор циррозу менен жабыркап келет. Тез арада боорун алмаштыруу зарыл. Индияда операция жасатууга 30 миң доллар керек экен. Келинчегиме донор өзүм болом. Тиешелүү каражат чогулса эле жолго чыгабыз.

Болгон малыбызды саттык. Чамабыз жетпей жаткандыктан коомчулуктан жардам суроого мажбур болдук. Айылдаш, туугандар жана кайрымдуу адамдардан чогулган каражаттын суммасы 18 миң доллардай болду. Калган сумманы чогултууга аракет кылып жатабыз. Башыбызга түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, колдоп берүүңүздөрдү суранабыз", - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: 996 700 25 93 93

Кыргызстан банкы: 4177490176209270

Демир банк: Altynbek Apyshov

1180000233139912

1180000233140013

1180000233140114

Байланыш номер: 0702834538 Алтынбек Апышов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан