Түркиядагы зилзала: ӨКМнын 140 куткаруучусу издөө-куткаруу иштерин улантууда

Түркияда ӨКМнын 140 куткаруучусу издөө-куткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, куткаруучулар зилзаланын кесепетинен эң көп жабыркаган жана жер титирөөнүн очогу катары бааланган Кахаранмараш шаарынын 3 районунун бир катар тилкелеринде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

"Учурда жалпы 140тан ашуун куткаруучу, 3 кызматтык ит, фельдшерлер жеринде иш алып барууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, куткаруучулар аймактардагы эң кооптуу тилкелерде издөө-куткаруу ишин 24 саат бою кезектешип аткарууда. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан