Бишкекте жаңы автобустардын ишке киришине байланыштуу үч маршруттук каттам жоюлду (тизме)

Бишкекте жаңы автобустар кайсы каттамдар менен жүрө турганы белгилүү болгондон кийин айрым маршруттук таксилерди толугу менен алып салуу же өзгөртүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жаңы №31 автобус каттамы менен кайталоолорду четтетүү үчүн, 101 кичи автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлгөн, ошондой эле №15 муниципалдык автобус каттамы менен кайталоолорду жоюу үчүн, №113 кичиавтобус каттамын жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Өз кезегинде №113 кичи автобустук каттамдын айдоочулар курамы үчүн №244 (Учкун – 2 ж/к.-Интергельпо көч.), Жибек-Жолу пр., Чыгыш автобекети, Батыш автобекети, ГКБ№1, Интергельпо көчөсү, Димитров көчөсү, Ю. Фучик көч. кичиавтобустук каттамдын кыймыл чиймеси даярдалган.

Мындан тышкары, №35-автобус каттамы менен кайталоолорду жоюу үчүн №213 кичиавтобустук каттамын жабуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, №48- муниципалдык автобус каттамы менен кайталоолорду жоюу үчүн №214 кичиавтобустук каттамын жабуу чечими кабыл алынды.

№214 – кичиавтобустук каттамдын айдоочулар курамы үчүн №245-кичиавтобустук каттамдын (Чыгыш автобекети- Ж. Бөкөнбаев көчөсү), Жаш гвардия буль., Баялинов көч., Абдрахманов көч., Күрөңкеев көч., Осмонкул көч., Фрунзе көч., Ибраимов көч. кыймыл чиймеси даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Гулнура
2023-02-16 08:26:00
320 380 маршрутка каттамын да жоюп автобус кылгылачы тыгылтпай адамдарды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан