Эртең, 16-февралда өлкөдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
16-февралдан 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Көк-Бел, Өтмөк ашуусу, Чапчыма ашууларында, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдорунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.