Жалал-Абадда азык-түлүктөр арзан баада сатыла баштады (баалары)

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда 1-сорттогу ундун бир мүшөгү 1650 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары өсүмдүк майынын беш литри 525 сом, кумшекердин килограммы 75 сом, биринчи сорттогу ундун бир мүшөгү 1650 сом, уй эти 450 сом, картошканын килограммы 33 сом, пияз 45 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, мындай арзандатуу шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун элди арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо жана муниципалдык базардын ишин жандантуу боюнча берген тапшырмасынын негизинде уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан