Акылбек Жапаров Рас-Аль-Хайма эмиратынын башкаруучусу менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуусунун алкагында Рас-Аль-Хайма эмиратынын башкаруучусу шейх Сауд бин Сакр Аль Касими менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жапаров Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана андан ары чыңдоого терең кызыкдар экенин белгиледи.

Рас-Аль-Хайманын башкаруучусу өз кезегинде эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Рас-Аль-Хайманын ортосундагы органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо, туризм жана тоо-кен тармактары боюнча кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан