Бишкек дагы эле абасы кир шаарлардын тизмесинин сап башында. Маалымдалгандай, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек кызыл түстө белгиленип, абасы кир шаарлардын катарын толуктады.
Ушул тапта шаардын борборунда абанын сапаты боюнча индекси (AQI) 152. Бул көрсөткүч абанын ден соолукка кооптуу экенин түшүндүрөт.
Борбор калаанын абасынын булганышы сапатсыз көмүр жана унаалардан чыккан түтүнгө байланыштуу экенин адистер белгилеп келишет.