Бишкекте жаңы автобустар кийинки жумада жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, 120 автобустун бир бөлүгү №113, 213, 214 маршрутук линиялардын ордуна чыгат. Ал эми бул жоюлуп жаткан маршруттардын айдоочуларына №244, 245 линиялар сунушталды.
Кошумча автобустар түшкөндө шаарды бошотуунун экинчи этабы баштала турганы айтылды.