«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын сурап-билүү кызматынын 105-кыска номуру өлкө боюнча жеткиликтүү болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, чалуулар бардык уюлдук жана стационардык байланыш операторлору үчүн бекер.
Сурап-билуу кызматынын мурдагы номерлери да иштөөсүн улантууда: 1209 – номуруна чалуулар уюлдук телефондон операторлордун тарифтик пландары боюнча акы алынат.
0 772 00 12 09 - Beeline
0 702 00 12 09 – О!
0 556 00 12 09 – Мега (бул номерде WhatsApp бар)
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын сурап-билүү кызматы тыныгуусуз 24 саат режиминде. Ошондой эле майрам жана дем алыш күндөрү да иштейт. Операторлор ар дайым чалууларга жооп берүүгө, электр энергиясы менен камсыздоого байланышкан бардык маселелер боюнча ар тараптуу маалымат берүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.