Бишкектеги Асаналиев көчөсү канализацияны курулуш-монтаждоо иштеринен улам убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, канализация коллекторунун курулушуна байланыштуу Асаналиев көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин 19-февралдан 19-мартка чейин убактылуу жабылат.
Мындан улам №222,260,107,204,227,176,161,133,136,135,134 кичи автобустук каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле шаар тургундарынан алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.
Канализация коллекторунун курулушу "Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун 2-фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.