21-февралда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Өчүрүү району:
• Мурас-Ордо конушу саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
• Калыс-Ордо конушу саат 09:00дөн 15:00гө чейин.
Ичүүчү суу Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.