Кыргыз куткаруучулары түрк тараптын суранычы боюнча Хатай шаарына кетти

Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иши кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Хатай шаарында уланат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Түрк тараптын атайын кайрылуусу менен аталган жерге бүгүн ӨКМ куткаруучулары жөнөтүлдү.
Хатай шаарында да жер титирөөнүн күчү катуу болгондуктан адам курмандыктары көп экендиги айтылып жана бүгүнкү күндө куткаруучулардын жетишсиздиги белгиленди.
Ал эми буга чейин Түркиянын Кахаранмараш шаарынын Хайрулла, Он эки шубхат, Баалыжа, Абдулла Шейит жана Ебрар райондорундагы урап түшкөн имараттарда издөө куткаруу иши жүргүзүлдү. Натыйжада куткаруучулар жалпы 5 адамдын өмүрүн сактап, 168 жарандын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан