"Жолго чыкпаңыздар". Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа жолдун 301-чакырымына кар көчкүсү түшкөн. Мындан улам Бишкектен Нарынга бара жатканда Сары-Булак айылынан тартып Оттук айылына чейин унаа жол толугу менен жабылды.

Учурда жерине атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан